Шаар өз ишин улантууда. «Мурас-Ордо» жаңы конушунун 3; 6; 9; 10; 11; 12; 13; 14; 15 көчөлөрүнө электр энергиясын берүү линиялары төшөлүп, 193 түркүктү орнотуу башталды.

Узундугу 9 км электр линиясы тартылып, 1000 үйдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат.

Куруу-монтаж иштерин мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «Бишкекэлектро» бөдрөтчү компаниясы жүргүзүүдө.

Куруу иштери бүткөрүлгөндөн кийин Батыш РЭСтин пайдалануучу уюмунун балансына өткөрүлүп берилет.

Курулуш иштеринин наркы 11 миллион 888 миң 501 сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Эскерте кетсек, «Мурас-Ордо» жаңы конушу 2005-жылы түзүлгөн, аянты 145 гектар, ал жакта 5 миң 730 адам жашайт.

Азыркы учурда аталган конушта 750 окуучулук орунга ылайыкташтырылган мектеп курулуп жатат. 2018-жылы райондук бюджеттин эсебинен фельдшердик-акушердик пунктунда оңдоо иштери жүргүзүлгөн, учурда ФАП штаттык режимде иштеп жатат.

2018-жылы конуштун борбордук бөлүгүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулган. Конуштун 3 көчөсүнүн жолдоруна шагыл төгүлдү. Ошондой эле, жаңы орто мектептин коллектордук-дренаждык жабык система бүткөрүлдү.

Райондук бюджеттин эсебинен 2018-жылы 2 балдар оюн аянтчасында ондоо-калыбына келтирүү иштери өткөрүлдү.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!