Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пандемия шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин улантууда.

Жакында башкармалыктын кызматкерлери жана Ленин райондук прокуратурасынын кызматкерлери Севастопольский көчөсүнүн №3 үйүнүн кожоюну жана жашоочулардын ортосундагы талашты чечип беришти. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин 35 чарчы метр муниципалдык жерден  тосмолор алынды.

«Аламүдүн-1» кичи району №43/3а дарегиндеги күркөнүн  тиешелүү уруксат документтери болбогондуктан алынып салынды.

«Сары-Өзөн» базарында, Кронштад көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган үч контейнер алынып салынды.

Мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштери дагы улантылууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз.

Эгерде сиздер мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилерди көрсөңүздөр 0703633833 номерине чалыңыздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап кийип, колуңуздарды жууганды унутпаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!