Шаардык кызматтар жаңы коомдук жайларды куруу боюнча мурда баштаган курулуш иштерин улантууда. Калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен коомдук жерлерди оңдоп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл аймакты көбөйтүп, сейил бактарды жана гүл бакчаларды куруп жатабыз.

Пандемияга карабастан, Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Дайыр Асанов атындагы сейил бактын маңдайында дагы бир «Балалык» жаңы сейил багынын куруп жатабыз.  Курулуш иштеринин жүрүшү вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлүндө.

20-августка карата 10 гектар аянттагы сейил бакта үч оргуманын (фонтан) пайдубалы түптөлүп бетондолду. Электр тармактары, суу менен камсыздоо жана канализация түйүндөрү өткөрүлдү. Үч коомдук даараткананын курулуш иштери жыйынтыкталды.

Азыркы учурда таман таштарды, тротуардык жолдор үчүн асфальт төшөөгө жерди даярдоо иштери, ошондой эле, жээк таштарды жана арыктарды орнотуу  жүргүзүлүп жатат.

Курулуштун наркы 74,7 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттин каражатына жүргүзүлүүдө. Аталган объектиде «Ак Ниет Курулуш» бөдрөтчү компаниясы иштеп жатат.

Жаңы коомдук жайларды куруу иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!