Мэриянын көчмө жыйындары абдан эффективдүү. Себеби, бардык маселелер жеринде чечилип, шаар тургундары калааны көрктөндүрүүгө катышат.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев райондук коммуналдык кызматтар менен биргеликте №6 кичи районунун айланасын текшеришти.

Район башчысы шаар тургундары менен жолугушуп, кичиучастоктун ар бир жашоочусунун көйгөйүн укту. Биз №20 жана №30 үйдүн ортосуна ирригация уюштуруу маселесин талкууладык. Арыктарды орнотуу кийинки жылдын планына киргизилет.

Айрым шаар тургундарын мэриянын стим гранттары жана жарандык демилгелердин долбоорлору тууралуу маалыматтары аз. Аким аймакты, токтотмолорду көрктөндүрүү,  жашылдандыруу, жарыктандырууну орнотуу, балдар жана спорт аянтчаларын куруу, көп кабаттуу үйлөрдү оңдоо жана башканы каржылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Стимгранттар тууралуу айта турган болсок, 20-августта Октябрь районун короолорунун аймагын жакшыртуу боюнча эки арыз берилди.

Мындай жыйындар, шаар тургундары менен жолугушуулар ар бир райондо күн сайын өткөрүлүп келет.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр менен мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер. Октябрь районунун тургундары 0555 737574 номери аркылуу акимге түз байланышка чыга алышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!