24-августта, мугалимдердин жана шаардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда «Билим берүүнү санариптештирүү-өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этаптары» конференциясы өткөрүлөт. Бул жылы КОВИД-19  өзүнүн өзгөчөлүктөрүн киргизип, мугалимдердин салттуу жолугушуусу онлайн режиминде өткөрүлөт.

Биз мугалимдер менен билим берүү процессинин жаңы формасын уюштурууну жана сапаттуу билим берүүнү, ошондой эле 2019-2020-жылдардын жыйынтыктарын талкуулайбыз.

Конференцияны мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева алып барат.

Конференциянын программасы менен бул жактан таанышсаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!