Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы  коомдук жайларда  тазалыкты жана тартипти, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүү иштери улантылууда.

Бизге Ю.Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак каралбай калгандыгы боюнча шаар тургундарынан көп кайрылуулар келип түшкөн.

СЭИ кызматкерлери сейил бактын айланасы таштандыга толгондугун аныктап, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине коомдук жерди ирээтке келтирүү жана бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берген. Министрлик эскертүүнү аткаруудан баш тарткан.

Эскертүүнү аткарбагандыгына байланыштуу ведомствого протокол түзүлдү.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңселериңердин айланасын таза кармагыла, белгиленбеген жерге таштанды таштабагыла! Тазалык жана тартип вирус менен күрөшүүнүн бир жолу.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!