Шаардык мэрия зомбулукка кабылган, кайыр сураган же иштеп жаткан балдарды аныктоо  үчүн шаардын көчөлөрүндө рейддерди өткөрүүдө.

Бул жолу Свердлов райондук администрациясы ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте көчөлөрдү, мечиттерди жана соода борборлорун кыдырышты.

Биз “Чыгыш-5” кичи районунун, “ЦУМ”, “ГУМ”, “Дордой Плаза-2” соода борборлорун, Чүй проспектиси боюнча жер алдынан өтүүчү өтмөктү, Гоголь көчөсү боюнча борбордук мечиттин айланасын, Осмонкул көчөсүндөгү «Махмуда Кашгари» атындагы мечитти, Жибек Жолу проспектисиндеги «Имам Сарахси» атындагы мечитти, Мадина базарындагы мечитти жана Дордой жана Чынар базарларынын аймагын кыдырып, текшердик.

Тиелекке каршы, рейддин жүрүшүндө кайыр сураган 13 бала табылды.

Ар бир бала менен биздин адистер, психологдор сүйлөшүп, бир өспүрүм “Айданек” борборуна жеткирилип, төрт өспүрүм Свердлов районунун ИИБ жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды. Сегиз өспүрүм ата-энелерине жана туугандарына берилди.

Бул сыяктуу рейддер дагы улантыла берилет.

Урматтуу ата-энелер! КРнын мыйзамдарына ылайык, сиздер баланын тарбиясына, аны багууга жана  коопсуздугуна жооп бересиздер. Балдарды иштетүүгө тыюу салынат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер зомбулукка кабылган, кайыр сураган балдарды көрсөңүздөр, дароо 102 милицияга жана райондордун үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө чалыңыздар:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгуль Солтонбаева;

Ленин району:  883899,0502021404 Нуриза Сталбекова;

Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;

Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

Кыргыз РеспубликасынынЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин түз байланышы:111.

Сураныч, өзүңүздөргө, балдарыңыздарга жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!