Жыл сайын өткөрүлүп келген мугалимдердин жана калаанын билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин конференциясы быйыл онлайн режиминде өткөрүлдү.

Конференцияга жалпы билим берүү уюмдарынын 380 мугалими катышты. Биз мугалимдер менен билим берүүнү уюштуруудагы жаңы формаларын талкуулап, өткөн окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, 2020-2021-окуу жылына карата өнүгүү перспективаларын аныктадык.

Видео-чатка КРнын Илим жана билим берүү министри К.Исаков, калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева катышты. Конференцияны мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева алып барды.

Эскерте кетсек, шаардын бюджети социалдык тармакка багытталган, анда билим берүү тармагына 4,5 миллион сом каралган. Башкармалыктын башчысынын толук докладын жана катышуучулардын презентацияларын бул жерден окуй аласыздар.

Конференциянын түз эфиринен жаздырылган видеону Билим берүү башкармалыгынын расмий баракчасынан көрсөңүздөр болот: Facebook: https://www.facebook.com/edubishkek.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!