Урматтуу шаардыктар! 24-августтан тартып калаанын төрт районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу борборлору иштеп баштады. Сарсанаа болбоңуздар, борборлордо бардык санитардык эрежелер катуу сакталган.

Эгерде сиздер 16 жаштан өткөн болсоңуздар же болбосо биометрикалык маалыматтарды тапшыра элек болсоңуздар, биз сиздерди күтөбүз!

Биринчи май районунун тургундары үчүн Ростов көчөсү, 19б дарегинде жайгашкан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында  биометрикалык маалыматтарды чогултуу борбору ачылган. Толук маалымат: 0705 635363.

Свердлов районунун тургундары үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункту «Дордой» жаңы конушунун №94 мектебинде саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Толук маалымат үчүн байланыш: 0505 577222.

Октябрь районунун тургундары Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегиндеги Октябрь райондук администрациясына саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрыла алышат. Толук маалымат: 0550 776644.

Ленин районунун жашоочулары Интергельпо көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан №57 мектептин имаратына келип, биометрикалык маалыматтарын каттата алышат. Толук маалымат: 0705 160513.

Маанилүү! Паспортуңуздарды жаныңыздарга алып алыңыздар!

Урматтуу шаардыктар! КРнын «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү .

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!