Шаар күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө. «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө жана тротуарларына себүү үчүн туз камдап жатат. Күз-кыш мезгилинде тазалоо иштери 1-ноябрдан баштап март айынын башында жыйынтыкталат.

25-августка карата ишкананын кампасында 1 миң 216 тонна туз бар, анын ичинен 543 тонна жакында алынды, 673 тонна өткөн жылдан калган туз.

Кыш мезгилине 6 миң 500 тонна туз даярдоо пландалууда. Жолдорду кардан жана муздан 26 бирдик атайын техника тазалайт. Эскерте кетсек, калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен шаардын жолдоруна кыш мезгилинде техникалык туз гана себилет.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Биз эмнеге тузду колдонобуз, бул шилтемеден окусаңыздар болот: http://www.meria.kg/ru/post/19722

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!