Ленин районунун акимиатында аким Чынасыл Чыныбаевдин, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча салык кызматынын, МСКБ райондук башкармалыгынын жана КРнын Каржы министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда киреше боюнча штаб өткөрүлдү.

Жыйында бул жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле 2020-жылдын август айына бюджеттин аткарылышы талкууланды.

МСКБнын  Ленин району боюнча  жана  ири салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча МСКБнын өкүлдөрү бул айда райондун ишкерлери салыктарын толук төлөп, август айына жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчү 100%га аткарылгандыгын билдиришти.

Салык кызматы жергиликтүүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын үстүнөн иштеп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрда транспорт каражаттарынын, 2-сентябрда турак-жай, батир жана жердин салыктарын төлөө мөөнөтү бүтөт.

Салыктарды каалаган банктын кассалары, почта бөлүмдөрү, ошондой эле POS-терминалдары, мобильдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөсөңүздөр болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!