Пандемиянын биринчи күнүнөн тартып, шаардык муниципалитет шаарды, шаар  тургундарын коргоо боюнча иштерди баштаган. Бишкек шаарынын мэриясы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен биргеликте «Өзүн-өзү диагноздоо 118  линиясы» долбоорун ишке киргизди.

Күнү-түнү 118 борборунда клиникалык ординаторлор, өз ыктыяры менен келген медиктер шаар тургундарына КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча акысыз медициналык кеңештерди берип, жардам көрсөтүштү.

Бизге ар түрдүү себептер менен чалып жатышты. Кээ бирлери ковид-19, КРВИ белгилери менен кайрылса, айрымдары башка оорулар менен чалышты. Ал эми кээ бир адамдар жөн эле бугун чыгарып жатышты. Биздин операторлор сабырдуулук менен ар бир шаар тургунуна кеңештерди беришти. Кээ бир учурда абдан күлкүлүү суроолор дагы берилип жатты.

Биз 118 колл-борборуна келген 30 күлкүлүү суроону даярдадык.

«Саламатсызбы, биз жаңы эле светтин акчасын төлөдүк, күйгүзүп коё албайсыздарбы?»;
«Мен короновирусту жугузуп албай кантип эт менен жемиштерди бышырам?»;
«Коронавирус менен ооруп калбаш үчүн канча жолу КТга түшүшүм керек?»;
«Биз ундун ичинен чычкан таап алдык, эми унду жей берсек болобу?»;
«Коронавирус импотенцияга алып келет дейт, бул чынбы?»;
«С.Ш.Жээнбековдун жана К.А.Бороновдун WhatsApp номерлерин бересиздерби»;
«Менин туугандарым келишти, мен эшикти ачайынбы же ачпай эле койсом болобу?»;
«Абылгазиевди телефонго чакырып коюңузчу, сиз анын жанында отурасыз да»;
«Эмнеге КТРКда кайгылуу программалар? Сиздер аларды тейлейсиздер да, аларга оюн-зоок программаларын берсин деп айтып коюңузчу»;
«Эмнеге кыргыз телеканалдарында кыргыз тилинде гана программалар берилет?»;
«Кутман күн, биз жубайым экөөбүз тең коронавирус менен ооруп жатабыз, балалуу болсок болобу?»;
«Коронавирус жыныстык жол менен жукпайбы?»;
«Саламатсызбы, менин мышыгымда ковид-19дун бардык симптомдору бар, мышыктардан ПЦР тестти кайдан алат?»;
«Транспорт кайсы убактарда каттайт? Качан толук күн каттайт баштайт?»;
«Качан кинотеатрлар иштей баштайт?»;
«Кальянды кайдан чексе болот?»;
«Х» көчөсүндө гүлдөр отургузулду, бирок аны эч ким сугарбайт! Сиздер суугарып кете аласыздарбы? Алар айлана-чөйрөгө таасирин тийгизет да, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет»;
«118, сураныч, биздикине келип, үйүбүздүн эшигинин кармагычын тазалап кете аласыздарбы? Кечээ бироо такылдатып жаткан, бирок мен ачкан жокмун»;
«Азыр саат канча болду айтып бере албайсызбы»;
«Качан пенсия берет?»;
«Ресторандар жабылды, жумуш жок, жумушту кайдан табам?»;
«Мен жөргөмүштөр менен күрөшүп жатам, алардан оору жугуп калбайбы?»;
«Унаанын айып пулун билсем болобу?»;
«Доктор колбасасы канча турат?»;
«Менин күйөмдү обсервацияга алып кеткилечи, ал эки жумадан бери арак ичип жатат»;
«Чоң кыз, мен арак ичип жатам, бул жуктуруп албоого жардам береби?»;
«Менин күйөм менен сүйлөшүп коесуздарбы, ал мени укпай жатат, күн сайын ичип жатат»;
«Менин аялыма тамак берип жатканда сүйлөгөнгө болбойт деп сүйлөшүп, түшүндүрүп коюңузчу суранам»;
«Пандемия учурунда жыныстык катнаш болобу?»;
«Саламатсызбы, мага бирдик жүктөп кое аласызбы?».
Эскерте кетсек, 118 колл-борбору медициналык кеңеш берүүнү улантууда. Сураныч! Аралыкты сактаңыздар, колуңуздарды жууп, бет кап кийиңиздер! Вирус бар жана ал коркунучтуу.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!