Урматтуу шаардыктар! Бизде жакшы жаңылык! Биз Краснодонцев көчөсүндөгү оңдоо иштерин жыйынтыктап, унаа кыймылы үчүн ачтык.

Узундугу 1 км жолдун асфальты толугу менен алмаштырылды. Аталган объектиде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери иштеп, 15 бирдик жол-курулуш техникалары тартылды. Белгилей кетсек, аталган көчөнүн жолу 1984-жылдан бери оңдолгон эмес.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Оорубаңыздар! Өз алдынча дарыланбаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!