Шаар өз ишин улантууда. Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев райондук кызматтар менен пландык жыйын өткөрдү.

Биз райондун аймагындагы эпидемиологиялык абалды, санитардык тазалык жана жашылдандыруу, ошондой эле райондук бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн талкууладык.

Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгына салыктын түрлөрү жана мүлккө жана жерге салыктарды чогултуу боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу тапшырылды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрда транспорт каражаттарынын, 2-сентябрда турак үйлөрдүн, жер салыктарын төлөө мөөнөтү бүтөт. Салыктарды бардык банкатар, почта бөлүмдөрү, POS-терминалдар, мобильдик жана интернет-банкингдер аркылуу төлөсө болот.

МАБдардын башчыларына график боюнча көрктөндүрүү жана санитардык тазалык боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына коомдук тамактануу, кафе жана ресторандарга рейддик иш-чараларды көбөйтүү тапшырылды. Эскерте кетсек, чарба субъектилерине санитардык текшерүүлөрдү жүргүзгөн алты ыкчам бригада иштейт. Алардын курамына акимиаттын, МАБ, РИИБ, МСЭКБ жана СЭИ кызматкерлери кирет.

Бүгүнкү күндө СЭИ тарабынан «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча 315 миң сомго 85 протокол, ал эми акимиат тарабынан ушул кодекстин 293, 120-беренелери боюнча 218 миң сомго 56 протокол түзүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр менен мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер. Октябрь районунун тургундары 0555 737574 номери аркылуу акимге түз байланышка чыга алышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!