Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазалоо иштерин улантууда.

Бул жолу Күрөңкеев жана Краснодонцев көчөлөрүнүн кесилишине мыйзамсыз орнотулган күркө жана 20 тонналык контнейнер алынды. Түшүндүрүү иштери жүргузүлгөндөн кийин, Турусбеков көчөсү, 35 дарегинде жайгашкан «Картошка» тез тамактануу жайы кожоюнунун өз ыктыяры менен алынып, 35 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Кулиев көчөсү, 17 дарегиндеги кафенин кошумча курулушу, Профессор Зима жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тосмо алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз!

Эгерде мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектилерди көргөн болсоңуздар, бузуулардын сүрөт жана видеолорун 0703633833 Алина номерине, ошондой эле Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg социалдык баракчаларына калтырсаңыздар болот.

Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жаман оорудан сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!