Шаардык мэрия санариптик трансформация процессинде. Калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев шаардык мэриянын Санарип технологиялар борборунун адистери менен е-Kyzmat автоматташтырылган маалыматтык тутумун интеграциялоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

е-Kyzmat автоматташтырылган маалыматтык тутуму – бул веб-технологиялардын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлер жөнүндө бирдиктүү электрондук маалымат базасы бар борборлоштурулган тутум. Бул бардык иштеген кызматкерлердин жеке карталарын каттоого, көрүүгө (редакциялоого), кызматкерлердин эмгек стажынын эсебин жүргүзүүгө, кылмыш иштеринин, административдик жоопкерчиликтин реестрин, ошондой эле отчетторду түзүүгө жана көрсөтүлгөн параметрлерди издөөгө мүмкүндүк берет.

Биринчи вице-мэр А.Бакетаев санарип технологиялар борборунун директору Э.Давлетовго жылдын аягына чейин е-Kyzmat тутумун Бишкек шаарынын мэриясынын автоматташтырылган маалыматтык тутумуна туташтыруу үчүн адаптерлерди иштеп чыгууну тапшырды.

Райондордун акимдерине, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине туташтыруу процесси жыйынтыкталганга чейин е-Kyzmat тутумун убактылуу колдонуу боюнча «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүлөт. Санарип технологиялар борборунун адистери шаардык кызматтарга программалык-технологиялык кызматтарды көрсөтүшөт.

Бул технологиялар объективдүү параметрлер боюнча улуттук кадр резервин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!