Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев райондун каржы жана өнөр-жай компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, аларга ыраазычылык билдирди.

Биз пандемия кесепеттеринен чыгуу жолдорун жана шаардын экономикасын коопсуз калыбына келтирүү ыкмаларын талкууладык.

Ошондой эле район башчысы Ленин районунун экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ишкерлерге ыраазычылык билдирди:

"Энесай Текстайлс" - компаниясы "Биз барбыз" элдик штабы менен биргеликте  өлкөдөгү медиктер үчүн 20 миң СИЗ чыгарган;

"Идеал Фарм" - компаниясы медиктер, куткаруучулар жана милиционерлер үчүн 6 миллион сомго дезинфекциялоочу каражатты берген;

"Салкын" - компанисыя фонддорго, социалдык мекемелерге гуманитардык жардам көрсөткөн;

"Пейванд" - уюму 500 миң сом өлчөмүндө кайрымдуулук жардамын көрсөтүп, бет каптарды тигүү боюнча өндүрүштү кайра түзгөн.

Ошондой эле, "FB-Kompanie G. m.b.H", "ТеДис", "Пласформ Амбалаж Санайи ве Тиджарет А. Ш"  компанияларына ыраазычылык билдирилди.

Бишкек шаарынын мэриясы, Ленин райондук администрациясы мындай кыйын мезгилде шаар, өлкө үчүн четте турбай жардам көрсөткөн ар бириңиздерге  терең ыраазычылык билдирет . Баарыңыздарга чон рахмат! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап кийип, санитардык эрежелерди сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!