Биринчи май районунун жыйындар залында ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Чакан жана орто бизнес субъектилерин колдоо алгоритми жана маселелери талкууланып, ага Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков, «РСК Банк» ААК, «Гарантийный фонд» жана JIA бизнес-ассоциациясынын, «Легпром» ассоциациясынын, «Дордой» профсоюзунун,  «Таш Темир», «Илбирс», «ЦУМ Айчүрөк» жана башка компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучуларга COVID-19 пандемиясы учурунда жапа чеккен чакан жана орто бизнести жеңилдетилген насыялоо жолу менен каржылык колдоо максатында иштелип чыккан "Ишкердик субъекттерин каржылоо" мамлекеттик программасынын презентациясы тартууланды.

Белгилей кетсек, мамлекеттик программа 2020-жылдын 9-июнунда №315 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!