Шаарды көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. Шаардык кызматтардын кызматкерлери санитардык ченемдерди сакташып, көчөлөрдөгү жолдорду 2020-жылдын планына ылайык капиталдык оңдоодон өткөрүп жатышат.

Быйыл Свердлов районунда көчөлөрдүн беш тилкесиндеги жолдорду иретке келтирүү пландаштырылууда: М.Жалил көчөсүнүн эки бөлүгү, Аул көч. , Ибраимов көч. жана Усенбаев  көч.. Көрктөндүрүү иштери райондун акиминин турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары Бакыт Караевдин көзөмөлүндө.

М.Жалил көчөсүнүн биринчи бөлүгүндө Курманжан Датка көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейин жана Аул көчөсүндөгү иш аяктады.

Так ушул тапта Жибек-Жолу көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейин Ибраимов көчөсүндө иш жүрүп жаткан учуру. Бул жерге жол бордюрлары орнотулуп, асфальт төшөлүп жатат. Свердлов райондук акимиатынын өтүнүчү менен "Чүй Прокси" ишканасы иштөөдө.

Үсөнбаев көчөсүндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин капиталдык оңдоону ушул эле "Чүй Прокси" подряддык  курулуш компаниясы жүргүзүп жатат. Узундугу 550 метрди түзгөн унаа жолу иретке келтирилип, эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар орнотулган.

Муса Жалил көчөсүнүн Будённыйдан Лермонтовго чейинки 1,2 км узундуктагы экинчи бөлүгүндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иштешет. Бул жерде асфальтбетон төшөө үчүн топурак даярдалууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!