Борбор шаарыбыздын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултуу жана шаардын балансына кайтаруу боюнча иш алып барууда.

ЖРБнын тобу ижара акысын узак убакыттан бери төлөбөй жүргөндөргө мезгил-мезгили менен рейддерди жүргүзүп келет, ошондой ижарачылардын бири-жаран Д.Б.

Профсоюз жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянты 324 чарчы метр түзгөн жер участогун пайдалангандыгы үчүн 2019-жылдын экинчи кварталынан бери бери ижара акысын төлөбөй келген, 2020-жылдын үчүнчү кварталын эске алганда, карызы  300 миң 548 сомду түзөт.

Мындан тышкары, бул участокто унаа жуучу жай уюштурулганы маалым болду, бирок ижара келишими боюнча бул жерде унаа токтотуучу жай болушу керек эле, бул дагы  ижара келишимин бузгандык болуп саналат.

ЖРБ ижарачыга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлаган.

Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер участогунун ижарачысы- жаран Р.С. узак убакыттын бери муниципалдык жер участогун пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөй келген.

2011-жылы  курулуш материалдар базарын куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Р.Сга. аянты 513 0чарчы метр  жер участогу берилген. Азырынча базардын өзү жок, курулуш иштери башталган.

Ижарачы 2011-жылдан бери жерди пайдалангандыгы үчүн акы төлөбөй келген жана шаарга карызы 9 миллион 827 миң 657  сомду түзөт. Ошондой эле ЖРБ ижарачыга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлаган.

Карызын төлөбөгөн учурда, ЖРБ комиссиянын жакынкы жыйындарында келишимди бир тараптуу бузуу, карыздарды өндүрүү жана соттук тартипте жер участогун муниципалитеттин балансына кайтаруу маселелерин киргизет.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!