Өлкөдө КОВИД-19 оорусунун жайлышынын алгачкы күнүнөн тартып, Бишкекте дарыгерлер, эпидемиологдор, медайымдар, ӨКМ куткаруучулары жана ыктыярчылар өздөрүнүн өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып, шаардыктардын өмүрү үчүн көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүштү.

Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар бир кызматкерине, ӨКМ куткаруучуларына жана ыктыярчыларга пандемия учурунда көрсөткөн жардам үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Сыйлангандардын тизмеси бул жерде:

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге чын дилден ыраазычылык билдирет. Сиздерге чоң ыракмат!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!