Жакында шаар тургундары #WorldCleanUpDay2020 дүйнөлүк тазалык күнүн белгилешти.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу биз шаар тургундарын массалык түрдө чогулуп айла-чөйрөнү жыйноого катышпоого чакырганбыз. Анын ордуна ар ким өзүнө тиешелүү короосун, жанаша жайгашкан аймагын тазалоого суранганбыз. Калаа тургундары бул саамалыктан четте калбай, санитардык эрежелерди сактоо менен ишембиликке чыгышты.

Ар бир район боюнча чогултулган таштандыларды ташып чыгаруу үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан төрт бригада бекитилип, 16 бирдик атайын техника жана 48 кызматкер ишке тартылган.

Бизге топтолгон таштандылар тууралуу 10дон ашык кайрылуу келип түшкөн, жыйынтыгында 11 тонна таштанды алып чыгарылды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды акцияга кызыгуу жана активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Биргеликте биз сүйүктүү шаарыбызды таза жана жашыл кылабыз!

Эгер жергиликтүү ишембиликтер улантыла турган болсо, анда чогултулган таштандыларды чыгаруу боюнча өтүнмөнү өз убагында берүү маанилүү. Бизге сураныч!  Райондорго телефон чалып коюңуздар!

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!