Калаанын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Алимбек Абдылдаев, социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева жана Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев Октябрь районун аймагын кыдырышты.

Райондук кызматтар, МАБдардын кызматкерлери менен №3, №4, №5 жана №6 кичи райондорун кыдырып, санитардык абалын жана көрктөндүрүү иштерин текшеришти.

Вице-мэрлер райондун, анын ичинде үйлөрдүн короолорун, үйлөрдүн ортосундагы аймакты санитардык тазалоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, акимдин тургундар менен жолугушуусунун жыйынтыгында №4 кичи районунун №14 үйүнүн короосунда «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы ирригациялык түйүндөрдү орнотууда.

Урматтуу шаардыктар! Мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу  күнү-түнү чалууларды кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдү сүрөт жана виедолорун WhatsApp колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!