Борбор шаарыбыздын жер жана транспорттук саясат боюнча вице-мэри Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, борбор шаарыбыздын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды өндүрүү жана шаардын балансына кайтаруу иштерин улантууда. 

Борбор шаарыбыздын мэриясынын ЖРБнын тобу  ири  карызкор жаран М.Т. Акматбаевден үч миллион сомго жакын узак убакыттан берки карызын өндүрүп алышты.

 2014-жылы ЖРБ жана жаран М.Т. Акматбаев ортосунда ижара келишими түзүлүп, ага ылайык  “Жал-15” кичирайону  Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан аянты 0,0335 га жер участогу Соода турмуш тиричилик жактан тейлөө комплекси үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануу укугу берилген.

Бирок жаранда 591 миң 319,89 сом өлчөмүндөгү ижаралык төлөмдөр боюнча карызы пайда болгон.

2016-жылы ушул эле адамга Ахунбаев көчөсүнөн аянты 2 миң 270 чарчы метр жер участогу АМКСны көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана кеңейтүү үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген

Бул участокто ижарачынын 2 миллион 359 миң 836,08 сом өлчөмүндөгү карызы топтолгон.

ЖРБ тарабынан көптөгөн эскертүүлөргө карабастан, ижарачы келишимдердин шарттарын бузууну улантып, муниципалдык мүлктү пайдалангадыгы үчүн акы төлөбөй келген.

Ленин райондук сотуна жаран М.Т. Акматбаевдин ижара акысын үчүн карызын өндүрүп алууну боюнча доо арыз менен кайрылганбыз

Бактыга жараша эки доо арыз толугу менен сот тарабынан канааттандырылып, шаардык бюджетке 2 миллион 951 миң 155, 97 сом кайтарылган.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!