Октябрь районунун акими Азамат Дороев Дүйнөлүк Ата-Мекендик согуштун ардагери Голиков Иван Николаевичке барып, 100 жашка чыгышы менен куттуктады.

Учурда Иван карыя 6-кичирайонунда жашап, көбүнчө убактысын кроссвордорду чечүү жана китеп окуу менен өткөрөт.

Ал түштүк-батышта согушуп, орден жана медалдар менен сыйланган.

Согуштан кийин Магадан облусундагы “Дальстрой” курулуш  трестинде иштеген. Андан соң Кыргызстанга көчүп келип, курулуш тармагында пенсияга чыкканга чейин эмгектенген.

Бишкек шаарынын мэриясы Иван Николаевичти чын жүрөктөн туулган күнү менен куттуктайт! Сизге чын ден-соолук, жакшы маанай жана жакындарыңыздын кучагында болууңузду каалайбыз!

Белгилей кетсек, борбордо Дүйнөлүк согуштун  13 майып ардагери, согуштун 42 катышуучусу, 12 жашы жете элек концлагердин туткуну, Ленинграддын 10 блокадчысы, майдандын 240 эмгекчиси, алардын 55и майыптар тобунан жана бирөө эмгек армиячысы (трудоармеец).

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!