Мэриянын көчмө жыйындары эң натыйжалуу, себеби көптөгөн маселелер жеринде чечилип, калааны жакшыртууга шаардын активи катышат.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев № 8, 9, 10 кичирайонунун санитардык абалы менен таанышып, аларды көрктөндүрүү иштерин текшерүүсүн улантууда.

№9 кичирайонундагы Сүйөркулов көчөсү №8/1 дарегинде суу түтүкчөлөрүн  алмаштыруу чечими кабыл алынды. Ал эми №6 жана 6А үйлөрдүн жашоочулары үчүн сейил бакты жакшыртуу пландалууда.  "Бишкекбашкыархитектура” жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканаларына аталган сейил бактын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" тарабынан Саманчин көчөсү №7 турак үйүнүн алдындагы жайгашкан жолдогу чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Мындай текшерүүлөр Октябрь районунун ар бир бөлүгүндө жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Ар түрдүү кайрылуулар үчүн шаардык Мэриянын күнү-түнү иштеген колл-борбору иш алып барат: 1840 жана 1850 номерлери аркылуу чалууларды кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана виедолорун WhatsApp колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Октябрь районун тургундары акимине түз байланышка чыга алышат: 0555 737574

Ошондой эле, биз бардык социалдык тармактардабыз. Биз жакынбыз, байланыштабыз!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!