Борбор шаарыбыздын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултуу жана шаардын балансына кайтаруу боюнча ишин улантууда.

Карызкорлордун ичинде жаран С.А. Жумалиева да бар, Сүйүнбаев көчөсү 16да жайгашкан имаратка кириш тобу үчүн 2016-жылы 5 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга аянты 17 чарчы метр жер участогу берилген.

С.А. Жумалиева 2018-жылдын 2 кварталынан тартып ижара төлөмдөрүн төлөбөй келген, карызы 45 миң 955, 48 сомду түзөт.

Көлбаев, Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыкана дагы шаарга карыз болгон. 2016-жылы жаран Б.А. Токтогоновага азыркы турган дарыканага ижара шартында 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга аянты 70 чарчы метр жер участогу берилген. 2016-жылдын төртүнчү кварталынан бери ишкер ижара акысын төлөбөй, карызы 74 миң 541, 75 сомду түзгөн.

Кийинки антирейтингде Көлбаев, Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук тамактануу түйүнү. Жаран К.С. Жуматаевага 2017-жылы жеңилдетилген конструкцияларда коомдук тамактануу пункту үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга аянты 98,4 чарчы метр жер участогу берилген.

2020-жылдын үчүнчү кварталындагы карыз 53 миң 613,13 сомду түздү.

2018-жылдан бери жаран А. Гаитова ижарага акы төлөнбөй келген. Төрт жыл мурда ага Курманжан Датка көчөсү 207 деги кампа жайлары үчүн ижара шартында 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга аянты 520 чарчы метр жер участогу берилген. Бүгүнкү күндө карызы 60 миң 19, 83 сомду түздү.

ЖРБ карыз ижарачыларга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлайт.

Карызын төлөбөгөн учурда, ЖРБ комиссиянын жакынкы жыйындарында келишимди бир тараптуу бузуу, карыздарды өндүрүү жана соттук тартипте жер участогун муниципалитеттин балансына кайтаруу маселелерин киргизет.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз. Муниципалдык жердин ижарасынын бардык каражаттары борбор шаарыбызды көрктөндүрүүгө, анын ичинде жаңы чырактарды орнотууга жумшалат.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!