Муниципалитеттин кызматкерлери башаламан соода сатык менен күрөшүү иштерин шаардын борборунда гана эмес, шаардын бардык жеринде күн сайын жүргүзүп келет.

Шаардыктардын арыздарынын негизинде Свердлов районунун экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкерлери МАБ кызматкерлери менен биргеликте Ауэзов көчөсүн башаламан соода сатыктан тазалоодо.

Ар бир ишкерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, башаламан соодага жол бербөө эскертүүсү берилди.

Бул багыттагы иштер дагы улантыла берет.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан соода эрежелерин сактоону өтүнөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!