Шаардык мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

«Бишкекжарнак» муниципалдык ишканасынын директору болуп Джантелиев Самат Эшмухамбетович дайындалды. Ал буга чейин ушул эле ишкананын уюштуруу-укук бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Эскерте кетсек, биз «Бишкекжарнак» муниципалдык ишканасын кайрадан түздүк. Ишкананын кызматкерлери шаардагы  тышкы жарнаманы өнүктүрүү концепциясын жана шаарга жайгаштырыла турган типтүү жарнак конструкцияларынын эскиздерин иштеп чыгышкан. Биз шаардын жарнама чөйрөсүнө  бирдиктүү дизайн кодун түзүүнү каалайбыз.

Ошондой эле, жаңы идеяларды жаратуу үчүн биз дизайнды кыйын билген, «Дизайн Кап» эл аралык конкурсунун катышуучуларына кайрылдык. Бишкек шаарынын мэриясынын, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Icon Development чемпионатынын уюштуруучулары жана дизайнерлер арасындагы конкурстун негиздөөчүсү Алексей Лысогоров менен биргеликте Бишкек шаарынын  жаңы туристтик брендди түзүү боюнча техникалык тапшырма даярдашты.

Бул жумада биз алгачкы иштерди көрө баштайбыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!