Шаардык мэриянын командасында таланттуулар көп, шаардык кызматтардын кызматкерлери арасында сүрөтчү, ырчы, бийчи жана башка талантуулар эмгектенишет. Алардын арасында «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын кызматкери Нуржамал Жолдош кызы бар.

Ал ишкананын фойесинде, жумуш учурунда эле уникалдуу сүрөт топтомунун көргөзмөсүн даярдаган. Эми ар бир жаран бизге келип, интарсия техникасында тартылган сүрөттөрдү көрө алышат.

Иштердин арасынан эки сүрөт белгилүү сүрөтчү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Владимир Горовго таандык, калган 8 сүрөт анын окуучусу, жеке турак үйлөр алдындагы жер тилкелер боюнча бөлүмүнүн кызматкери Нуржамал Жолдош кызынын эмгектери.

Нуржамалдын айтуусу боюнча, жыгач тактайлардан даярдалган сүрөттөр – анын хоббиси, орточо эсеп менен бир ишти даярдоого үч айдан бир жылга чейинки убакыт кетет.

Урматтуу шаардыктар! Сүрөттөр  октябрь айынын аягына чейин коюлат. Бет кап кийип, колуңуздарга антисептик алганды унутпаңыздар.

Бишкек-сүйүктүү таланттуулардын шаары!