Калаанын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Алимбек Абдылдаевдин жетекчилиги алдында «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча 8 айдын ичинде бир жылдын планын аткарды.

Жыл башында шаар мэри Азиз Суракматов ишкананын планын карап,  калаанын төрт районуна 10 миң түстүү чырак орнотууну тапшырган.

22-сентябрга карата биз он миң чырак орнотуп, 206,6 км аба электр өткөргүч линияларын тарттык. Жалпысынан 664 көчө жарыктандырылды.

Биз эффективдүү башкаруунун жана өзүбүздүн цехибизди ачуу менен иштин көлөмүн бир кыйла көбөйтө алдык. Ал жерде эки миң бетон түркүк жана ушунча торшердик түркүк дайындалган.

Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкекжарык" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Өтүнөбүз, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!