Жакында, Адинай паркында, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана Кыргыз Республикасынын аялдар улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Үмөталиеванын жетекчилиги астында, шаардык мэриянын спорттук оюндар боюнча (СДЮШОР СИ) олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин 15 жашка чейинки кыз-футболчулардын биринчи машыгуусу болуп өттү.

Жаңы келген кыздар үчүн биринчи тренингдерде шаардын аялдар командасынын жана 15 жашка чейинки курама командасынын футболчулары Арууке Дюшеева, Аделаида Мурзалиева жана София Немченко тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү.

Башкы машыктыруучунун айтымында, Адинай паркында балдарга керектүү нерселердин бардыгы бар: заманбап жана толук жабдылган оюн аянтчалары, ыңгайлуу кийим чечүүчү бөлмөлөр, инвентарлар үчүн кампа, душтар жана дааратканалар. Ал белгилегендей, шаарда муниципалдык спорттук аянтчалар жетишпейт, айрыкча футбол үчүн.

Мындан ары Адинай паркында спорттук мектептин тарбиялануучулары гана эмес, баардыгы тең футбол ойной алышат.

Урматтуу шаардыктар, ата-энелер!

Эгерде сиздин балаңыз 6 жаштан 12 жашка чейин болсо, сиз жаңы парктын жанында жашасаңыз, биз балдарыңыздарды "Адинай" жаңы паркындагы футболдук машыгууга чакырабыз.

Сабактар акысыз, баланын ден-соолугу жөнүндө гана медициналык маалым кат болушу керек.

Футбол талаасы жумасына 6 күн берилет: дүйшөмбү, шаршемби, жума - кыздар үчүн. Шейшемби, бейшемби, ишемби – балдар үчүн.

Машыгуу күнүнө эки жолу өтөт: эртең мененки саат 9:0дон 12:00го  чейин жана саат 15:00дон кечки  саат 17:00го чейин.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар! Ден-соолугуңуздарга көз салыңыздар, спорт менен машыгыңыздар, балдарга жаштайынан сергек жашоону сүйүүгө үйрөтүңүздөр, оорубаңыздар!

Эскерте кетсек, Адинай паркы активдүү эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо максатында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен курулган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!