«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасындагы сырды жууп тазалашты.

Facebook колдонуучусу улуу сүрөтчү жашаган үйдүн сыртындагы Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасын боёп кетишкендиги тууралуу билдирген.

Гапар Айтиевич Айтиев (1912, Ош облусу – 1984) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Социалисттик эмгектин баатыры (1982). СССР эл сүрөтчүсү (1971).  Тилекке каршы, барельеф жабыркаган үй Гапар Айтиевдин уулдарынын биринин жеке менчигинде. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы үйдү коргоого ала албайт.

Аталган дарекке «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери дароо барып, эстеликти жууп тазалашты.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөр боюнча мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 -182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!