Шаар ишин улантууда. Азыркы учурда «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы Жумушчу шаарчасындагы Алтымышев көчөсүнө арыктарды орнотууда.

Арыктардын сапатын Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев текшерип, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына арыктарды орнотууда талаптарды жана стандарттарды сактоону тапшырды.

Ошондой эле, аким муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Алтымышев жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Люкс» гүл бакчасына укук белгилөөчү документтерди каттоо жана дагы бир коомдук жайды жакшыртуу боюнча иштерди башташат.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына Партизанский көчөсүндөгү жарыктандырууну бир жуманын ичинде калыбына келтирет.

Урматтуу шаардыктар! Райондогу бардык көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн аким Чынасыл Чыныбаевдин жеке 0708511702 номерине, же болбосо мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу жиберсеңиздер болот. Көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номери кабыл алат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!