Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү эрежелерин, тартип  жана тазалыкты бузгандар менен күрөшүүнү улантып, санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп келет.

Бизге шаар тургундарынан Абдрахманов көчөсү, 137 дарегинде жайгашкан Marvel компьютердик клубунун ишин текшерүү боюнча кайрылуу келип түшкөн. Белгилей кетсек, интернет клубунун ишмердүүлүгү уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрүнө кирбегендиги аныкталды.

СЭИ инспекторлору аталган дарекке барып, санитардык эрежелердин бузулуп жаткандыгын аныктап, КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 –беренеси боюнча протокол түздү. Интернет клубуна экинчи категориядагы айып пул салынды.

Мындан тышкары, Лермонтов көчөсүндөгү Аламүдүн районунун МСКБна тиешелүү аймагын тазалабагандыгы боюнча «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы дайыма байланышта: 0 558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!