Вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, борбор шаарыбыздын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын ири өлчөмдө төлөбөгөндөргө  рейддерди улантууда.

Биринчи болуп карызкор “Ала-Арча” гараж кооперативине бардык. 2011-жылы Малдыбаев көчөсү 1-б “гаражчыларга” ижара шартында аянты 3,8 га, жер участогу берилген. Бирок, эч кандай төлөм жүргүзүлгөн эмес жана бүгүнкү күнгө чейин кооператив шаарга 2 миллион 953 миң 527 сом жана 06 тыйын карыз.

Тизмеде кийинки Ж.Пудовкин жана Донецкий көчөлөрүнүн кесилишинде техникалык тейлөө станциясы (ТТС).

2007-жылдын 28-августундагы ижара келишимине ылайык, ТТСга 240 чарчы метр жер участогу, 5 жылдык мөөнөткө авто унаа тетиктер дүкөнү менен авто унааларды кыска мөөнөттө пункту оңдоо үчүн берилген. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө 2020-жылдын үчүнчү кварталын эске алганда, карыз 409 миң 286 сомду түзөт.

2016-жылы Каралаев көчөсүнөн аянты 2 миң 291 чарчы метр жер участогу азыркы унаа токтотуучу жай жана ТТС үчүн берилген. Ошол убактан бери шаардык бюджетке ижара төлөмдөрү түшкөн эмес, 2020-жылдын                         30-сентябрына карата  карызы 510 миң 571 сомго жеткен.

“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” компаниясынын да ири карызы бар. 2005-жылдын 21-декабрындагы ижара келишими боюнча ассамблеяга аянты 4 миң чарчы метр жер участогу 49 жылга 12-кичирайондун түштүк бөлүгүндө маданий-ден соолук чыңдоочу борборду, балдар үйү жана мечит имараттардын комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн  берилген.

Оозеки жана жазуу түрүндө бир нече жолу эскертүүлөргө карабастан, “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” жер участокторун берилген күндөн баштап, башкача айтканда шаарга 15 жылга бери төлөбөй, шаардык бюджетке 1 миллион 244 миң 117 сом карыз болуп келген.

Учурдагы автотоктотмолорду жана Каралаев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайды жана ТТСти кеңейтүү үчүн 2016-жылы “УЛУК” компаниясы менен ижара келишими түзүлгөн.

Аянты 1 миң 750 чарчы метр жер участогу берилген. Ошол убактан бери пайдаландыгы үчүн акы төлөнгөн эмес жана карызы 465 миң 845 сомду түзөт.

ЖРБ карыз ижарачыларга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлайт.

Карызын төлөбөгөн учурда, ЖРБ комиссиянын жакынкы жыйындарында келишимди бир тараптуу бузуу, карыздарды өндүрүү жана соттук тартипте жер участогун муниципалитеттин балансына кайтаруу маселелерин киргизет.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаар!