Шаарда бала бакчалардын, мектептердин жана спорттук мекемелердин кубаттуулугун жогорулатуу улантылууда.

Биз «Кайынды» жаңы конушунун Элебесов көчөсү, 181 дарегиндеги №187 бала бакчанын кошумча курулушун бүтүрдүк.

Бала бакчанын кошумча курулушун балдар, конуштун тургундары, ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков  Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов менен биргеликте ачышты.

Белгилей кетсек, бир кабаттуу кошумча курулуштун аянты 155 чарчы метрди түзүп, коридор аркылуу негизги имаратка кошулат. Кошумча курулушта уктоочу, оюн бөлмөлөрү, тамбур, кийинүү бөлмөсү, коридор, идиш жуучу бөлмө, даараткана, музыкалык зал жана кампа жайгаштырылган.

Бардык коммуникациялар кошулду(жылуулук, суу өткөрүүчү жана канализациялык түйүндөр, электр энергиясы).

Курулуш иштерин «ПГС» бөдрөтчү компаниясы жүргүздү. Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 6,7 миллион сом каражат бөлүндү.

Урматтуу ата-энелер! Кымбаттуу балдар! Өзүңүздөрдү жакшы караңыздар! Сураныч! Санитардык аралыкты сактаңыздар, бет кап кийип, антисептиктерди колдонуңуздар, вирус бар жана ал абдан кооптуу.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!