Электрондук аукционго кантип катышуу керек? Бишкекте жерди же имаратты кантип алса болот? Кандай учурда сиздин соода күркөңүздү түрттүрүшөт?  - бул маселелердин баардыгын Sputnik Кыргызстан мультимедиалык пресс-борборунда өткөн онлайн брифингде сүйлөштүк.

Шаар тургундарынын жана журналисттердин суроолоруна Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев, Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Азамат Кадыров жооп берди.

Негизинен көп кабаттуу курулуштарды курууда ишкерлер шаарга турак жайдын белгилүү бир аянтын берүүсү керек, ал кыйналган жарандарга бөлүнүп берилет. Айта кетсек, калаада турак алуу үчүн 3 миң 500 адам кезекте турат.

Тилекке каршы, айрым компаниялар келишим милдеттерин аткарышпайт.

Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы инвентаризация жүргүзүлгөндүгүн, жыйынтыгында шаарга 10% турак аянт берүүгө милдеттүү болгон 35 жер тилкесин аныкталгандыгын билдирди.

1-октябрга карата муниципалдык менчикке «Тунгуч» кичи районундагы үйдөн жалпы аянты 132м2  эки бөлмөлүү эки батир берилди. Аянты 5,058 гектарды түзгөн 4 жер тилкеси менен турак жайдын алты миң чарчы метрден ашыгыраагын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө кошумча келишимдер түзүлдү.

Калган 30 жер тилкеси боюнча иштер жүргүзүлүп, маселелер мыйзамдын негизинде чечилет.

Азамат Сагындык уулу келишимдердеги милдеттерди аткарбагандардын  (ижара акысын төлөбөгөндөр, белгиленген тартипте жер тилкесин пайдалабагандар ж.б.) маселеси комиссияда каралып, келишим бир тараптуу тартипте бузуларын эскертти. Мындай «урматсыз» ижарачылардын саны 220, алардын карызы 265 миллион сомду түзөт.

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев шаардык менчикти электрондук аукцион аркылуу берүү менен муниципалдык менчикти өткөрүп берүү кыйла ачык жана тобокелсиз болуп калгандыгын билдирди.

Алгачкы онлайн соода өткөрүлүп, 14 объект баштапкы суммасы 100 миң 125 сомдон башталды. Конкурстун жыйынтыгы боюнча келишимдин суммасы 150 миң 550 сомго жетти. Калган 24 объект кайрадан аукционго коюлат.

Бул жерден мүлктү түрттүрүп кетпеши үчүн кантип сактап калуу керек деген суроо туулат.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Азамат Кадыров бул жылы миңден ашык объект түрттүрүлгөндүгүн билдирди. Курулуштар тиешелүү уруксат документтери жок болсо түрттүрүлөт. Ошондой эле, күркөлөр Бишкек шаарынын башкы планын ишке ашыруунун алкагында парктык аймактарга, гүл бакчаларга, жолдор, тротуарлар жана веложолдорго туш болуп калган учурда алынат.

Ар бир ишкер менен ижара келишими түзүлүп жатканда, башкы планды же шаардык долбоорду ишке ашырууда шаардык кызматтардын биринчи талабы менен объект алына тургандыгы боюнча эскертилет.

Урматтуу шаардыктар, ижарачы-ишкерлер! Ар бириңиздерден келишимде көрсөтүлгөн милдетиңиздерди сактоону өтүнөбүз. Биз мыйзамдын негизинде жашашыбыз керек.

Бишкек-сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!