КОВИД-19 пандемиясы өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизди. Негизи бул күнү биздин пенсионерлер жөө жүрүштөргө чыгып, майрамдарды жана жарманкелерди уюштуруп келишчү, бирок бул жылы адамдардын топ-топ болуп чогулуусуна тыюу салынат. Вирус абдан кооптуу, бул себептен шаардык мэрия чоң ата, чоң апаларды үйлөрүнө барып куттуктайт.

Калаанын төрт районунун акимдери санитардык талаптарды жана эрежелерди катуу сактоо менен шаардагы узак өмүр сүргөн карыларды куттукташты. Алар 18 адам (100 жаш жана андан жогору).

Юбилярлардын арасында бул жылы  «бриллиант», «зымырыт» жана «алтын» үйлөнүү тойлорун белгилеген түгөйлөр дагы бар. Жайлуу атмосферада, санитардык аралыкты так сактап, тажрыйбалуу түгөйлөр бактылуу үй-бүлөлүк жашоонун сырлары менен бөлүшүштү - алардын ар биринин өзүнчө кайталангыс сүйүү окуялары бар.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы «ИТАР» компаниясынын каржылык колдоосу менен калаадагы бардык узак жашаган карыларды куттуктады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 83,6 миң пенсионер жашайт, анын ичинен социалдык өнүктүрүү органдарынын каттоосунда 10 миң аз камсыздалган пенсионер турат.

Быйыл 3 миң 526 улгайган адамга социалдык колдоо көрсөтүлөт. Бул үчүн шаардык бюджеттен эки миллион сом өлчөмүндөгү каражат каралган.

Бишкек шаарынын мэриясы чоң ата жана чоң апаларды майрамы менен куттуктайт. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, ачык асман каалайбыз! Ар дайым жаныңыздарда мээримдүү жана камкор балдарыңыздар, небере-чөбөрөлөрүңүздөр, досторуңуздар, туугандарыңыздар бар болсун. Сиздерге узун өмүр тилейбиз. Майрамыңыздар менен!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!