Шаар кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүүнү улантууда. «Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техникаларын кышка даярдап жатат.

Жалпысынан ишканада шаардын жолдорун кардан тазалаган 26 курама МАЗ техникасы бар.

Алардын ичинен  10 унаанын  суу куюлган челектеринин ордуна туз чачуучу жабдуулар орнотулуп, кышка даярдалып бүттү. Калган 16 унаа азырынча көчөлөрдү жууп тазалайт.

Белгилей кетсек, быйыл кыш мезгилине 6 миң 500 тонна туз камдоо пландалып жатат. Ишкананын кампасында 2 миң 219 тонна туз бар, 433 тонна туз былтыркыдан калган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!