Бизге шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы 12-кичи район менен "Көк-Жар" айылынын ортосундагы  карьерге  белгисиз адамдар кайрадан таштанды ыргытышты деген маалымат келип түштү.

Шаардык кызматтар акыркы 29 жыл бою жарандар тарабынан таштанды ташталган, жыйынтыгында пайда болгон түтүн менен бир нече күн күрөшүштү. Өрт эндогендик мүнөздө болгон, биз оор курулуш техникаларын колдонуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын адистери менен  бир нече тонна таштанды астында тутанып  жаткан түтүн борборлорун ачтык.                        

Унаалар өтүп, таштандыларын төгүп кетпеши үчүн, карьерди мүмкүн болгон бардык багыттардан жаптык. Бирок, шаарды ойлобогон, куткаруучулардын жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин күнү-түнү түтүн борборлорунда иштеген ишине кайдыгер мамиле жасаган адамдар бар болуп чыкты.

Бүгүн, болжол менен эртең мененки саат 9 да, ЗИЛ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен белгисиз адамдар карьердин аймагына кирип, уялбастан курулуш таштандыларын төгүштү!

Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын кароолчусу, таштанды төккөндөрдү ичке киргизген жаран М.Ж.,ошол замат жумуштан алынды! Андан соң, жаза катары, ал таштандыларды кол менен чогултуп, карьерден алып чыкты.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номуру аркылуу колл-борборуна кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номуруна жибериңиздер. Октябрь районунун акиминин орун басары Таалай Акматбаев ар дайым Октябрь районунун жашоочулары менен байланышта: 0777 552 211.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!