Борбор калаада жылытуу мезгилине даярдыктар аяктоодо. Жылуулук менен камсыз кылууга жооптуу шаардык кызматтар жана тиешелүү уюмдар шаардыктардын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүшөт.

Адатта, ченемдерге ылайык, жылытуу мезгилинин башталышы 5 күн катары менен абанын орточо күндүк температурасында +8 ℃  болгондо аныкталат.

Гидрометеорологиялык борбордун маалыматы боюнча, жакын арада күтүлбөгөн жерден суук болбойт, 2-октябрдан 11-октябрга чейинки мезгилде абанын орточо күндүк температурасы 10-12 градус жылуу болуп, көпчүлүк учурда жаан-чачын болбойт.

Бирок, күздүн жылуу болушуна карабастан, отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылуулукту каалаган учурда берүүгө даяр. Биз күз кыш мезгили боюнча штабынын чечимдерин күтүп жатабыз.

Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө ысык суу жана жылуулукту эки уюм берет: Улуттук энергетикалык холдингдин туунду ишканасы - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жана мэриянын түзүмдүк бөлүмү - "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы.

Бизде  "Бишкекжылуулукэнергонун" 66 от казаны модернизацияланып, жылытуу мезгилине даяр, ишкананын кызматындагы эскилиги жеткен жылуулук тармактары жана морлор алмаштырылды, жаңы от казандары жана насостору орнотулду, жапкычтар, клапандар жана турак үйлөрдөгү түтүкчөлөр алмаштырылды.

Эске салсак, "Бишкекжылуулукэнерго" КИ 600дөн ашык турак үйдү, ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 25 башка бюджеттик мекемелерди жана башка 212 керектөөчүлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат. Ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи-району, Газгородок, Аскер шаарчасы жана Министрлер Кеңешинин турак жай массиви, калгандарынын бардыгын "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жылуулук менен камсыз кылат.

Урматтуу шаардыктар!

Жылытуу мезгилин баштоо чечими күз кыш мезгилин даярдоо боюнча штабдын жыйынында кабыл алынат, биз сиздерге кабарлап турабыз.

Ушуга байланыштуу биз көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларына суукка даярдана баштоону суранабыз:
1. Үстүнкү кабаттардын жылытуучу түзүлүштөрүндөгү Маевский крандарын  алмаштыруу же орнотуу керек (абаны көтөрүүчү аркылуу чыгаруу үчүн);
2. Жылуулукту жакшы өткөрүп берүү жана ташып кетүү себептерин жоюу үчүн эски жана тыгылып калган ылай жана баткак чөгүндүлөрүн, жылытуу шаймандарын жууп, алмаштыруу, ошондой эле иштебей турган аралаштыргычтарды оңдоо керек.
3. Ошондой эле ысык суу менен камсыздоочу түтүктөрдөн ажыратуу үчүн бөлүштүрүүчү түтүктөрдөгү авариялык арматураларды калыбына келтирүү же алмаштыруу, ошондой эле "Аристон" тибиндеги автономдуу суу жылыткычты колдонууда ысык суу үчүн жабык клапанды жабуу керек, ал эми колдонулбаса, суу жылыткычка муздак суу берүү үчүн клапанды жабуу керек.

Эң негизгиси жана ар бир керектөөчүгө жеткиликтүү: терезелерди жылуулоону, батирлердеги кире бериш эшиктерди оңдоону жана тартипке келтирүүнү өтүнөбүз.

Урматтуу бишкектиктер! Биздин үйлөрдөгү жылуулук бир гана шаардык администрациядан эмес, өз убагында биз, жашоочулар тарабынан жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чараларга дагы байланыштуу.

Сиздерге керек болушу мүмкүн болгон маалымдама телефон номурлар:
"Бишкекжылуулукэнерго" КИ:
Абоненттик кызмат: 212847;
Эсептөө бөлүмү: 212845;
Жылуулук энергиясын эсепке алуу жана ысык суунун көрсөткүчтөрүн кабыл алуу приборлору боюнча бөлүм: 492535, 212804.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААК:
- (0312) 61-11-69 - кардарларды колдоо борбору;
- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун нөөмөттөгү инженери;
– 51-06-22, 21-74-06 - Түштүк райондун нөөмөттөгү инженери;
- 56-85-58-диспетчердик кызмат.

Бишкек-сүйүктүү жылуу шаарыбыз!