Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тартип жана тазалыкты, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Кийизбаев көчөсүндө жайгашкан «Дельмар Групп» курулуш компаниясынын жана №4-кичи районунда жайгашкан «Народный» соода үйүнүн өндүрүш цехинин айланасы таштандыга толгондугу аныкталды. СЭИ инспекторлору тарабынан аталган жактарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул:  жеке жактарга 3 миң сом жана юридикалык жактарга 13 миң сом салынды.

70-берене. Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу. Калктуу конуштагы менчик объектисине жанаша жаткан аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу же ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңсеңиздердин айланасын таза кармаңыздар, белгиленбеген жерге таштанды таштабаңыздар, көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Тартип жана тазалык – бул вирус менен күрөшүүнүн бир жолу.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!