Шаар 2020-2021-жж. күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүүнү улантууда.

Бир гана принцип: суукка баары даяр болуш керек. Шаардык мэрия жыл сайын шаар тургундарын колдоп, жардамдарды көрсөтүп келет.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин районунун аз камсыздалган 600 үйбүлөсүнө 1,100м3 отун таратылды.

Ошондой эле, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан көмүр сатып алуу үчүн акчалай төлөмдөр берилип бүттү. Буга шаардык бюджеттен 19,9 миллион сом каралып, 3 миң 469 үй-бүлөгө жана төрт уюмга: Свердлов жана Октябрь райондорунун үй жайсыз адамдардын баш калкалоочу жайына, «Элистан» балдар борборуна жана «Үмүт-Надежда» балдарды калыбына келтирүү борборуна  акчалай төлөмдөр берилди.

Төлөмдөр почта бөлүмдөрү жана банктар аркылуу жүргүзүлдү.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!