Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тазалык жана тартипти, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

«Ак-Ордо» жаңы конушунун Жакшылык көчөсүнүн тургундары жалбырактарды жана таштандыларды өрттөп жаткадыгы аныкталды.

Биз тургундарга түшүндүрүу иштерин жүргүздүк.

Айта кетсек, 71-берене. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө 4-категориядагы айып пул салууга алып келет. Жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңсеңиздердин айланасын таза кармаңыздар, белгиленбеген жерге таштанды таштабаңыздар, көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Тартип жана тазалык – бул вирус менен күрөшүүнүн бир жолу.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!