«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы калаанын бардык жеринде тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

Монтаждык жана оңдоо иштери калаанын бардык райондорунда өткөрүлдү.

Биринчи май району боюнча Манас проспектиси Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин чыгыш тарабы, Киев көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү жарыктандырылды.

Октябрь району боюнча Анкара көчөсү Октябрь көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин жарыктандырылып, чырактар өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зымга кошулду, демек кырсыктар азаят.

Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, ошондой эле Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жарык орнотулду. Жакында №6 кичи району жарыктандырылат,  №17 үйдөн №37 үйгө чейин торшердик түркүктөр үчүн 12 бетондук пайдубал түптөлдү.

Ленин районунда Жайыл Баатыр көчөсү менен Жумамадүн Шералиев көчөлөрүнүн кесилишине жаңы кабель жана жарык берүүчү чырактар орнотулду. Терек, Островский, Тыналиев көчөлөрү, ошондой эле Ден Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши коопсуз болуп калды.

Свердлов районунун Жибек-Жолу проспектиси, Будённый көчөсү боюнча Салиева жана Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле Чүй проспектиси  №113 бойлой электр чубалгылары оңдолду.

Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкекжарык" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Өтүнөбүз, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!