Вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын ири өлчөмдө төлөбөгөндөр менен иштөөнү улантууда.

Бүгүнкү күндө Жер ресурстар башкармалыгынын кызматкерлери “Магнат Экспресс” ЖЧКсынан муниципалдык жердин ижарасы үчүн суммасы 7 миллион сомду толугу менен өндүрүп алышты, алар карызды бир күндүн ичинде төлөп беришти.

Карызкорлор менен иш алып баруу туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Бул жерде карызкорлордун иштери келтирилген: Соода объектилерди, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен көп кабаттуу турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн Тыналиев көчөсүнөн жаран А.Н. Нургазиева, Н. Малдыбаевага мөөнөттүү убактылуу пайдаланууга 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө жер участогу ижарага жалпы аянты 780 кв. м. берилген. 2020-жылдын 1-октябрына карата карыз 162 715,11 сомду, ошондой эле туум 40 678, 77 сомду түзөт.

Курулуш компаниясы дагы шаарга “карыз” болуп калды. 2007-жылдын  4-апрелиндеги № 157 ижара келишими “Бишкеккурулушка” Маданий жана социалдык жайлары жана гараждары бар көп кабаттуу турак жай имаратын менен турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн Үмөталиев, Киев көчөлөрүндө 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жалпы аянты 800 кв. м. жер участогу берилген. 2020-жылдын 1-октябрына карата карыз 337 154, 15 сомду, ошондой эле туум 84 288,53 сомду түздү.

Карызкорлордун тизмесинде “ФАЭТОН” гараж кооперативи да бар. 2016-жылы ижара келишиминин негизинде П. Лумумбы, Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде гараждары жана унаа оңдоочу жайлары менен автотоктотмого жер участогу берилген, Алардын шаардыктарга карызы тууму менен 4 миллион 346 миң 776 сом 15 тыйынды түзөт.

ЖРБ карыз ижарачыларга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу билдирди.

Карызын төлөбөгөн учурда, ЖРБ комиссиянын жакынкы жыйындарында келишимди бир тараптуу бузуу, карыздарды өндүрүү жана соттук тартипте жер участогун муниципалитеттин балансына кайтаруу маселелерин киргизет.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз.

Баардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына (ЖРБ): Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефону: (0312) 45-42-73 же WhatsApp 0701012555.боюнча кайрылсаңыз болот.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!