«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Свердлов жана Биринчи май райондорунда коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Тазалоо иштери Малышев, Залкар, Урицкий, Щербаков, Боталиев, Маяковский, Сеченный көчөлөрүнүн жээктеринде өткөрүлүп жатат.

Ачык жана жабык  КДТ тазалоо жылына эки жолу, Биринчи май жана Свердлов райондорунун турак жайларында жана массивдеринде жүргүзүлөт. Шаардагы каналдардын жана сугат тармактарынын көпчүлүгү жеке секторлор аркылуу өткөндүктөн, ишкананын жумушчулары коллекторлорду тиричилик жана саркынды суулардын калдыктарынан тазалап, тыгылып калбашы үчүн чыпка торлорун орнотушат.

Жабык коллектордук жана дренаждык түйүндөрдүн иштөө абалындагы негизги көйгөй жергиликтүү жашоочулардын мыйзамсыз  туташуусу, алар тиричилик таштандыларын агызып, калдыктарга толтуруп  салышат. Ошондой эле, дренаждык тармактар жайгашкан аймакка тосмолорду уруксатсыз орнотулгандыгы жана кудуктарды жапкан капкактардын уурдалгандыгы ишти татаалдаштырууда.

Урматтуу шаардыктар! Арыктарды таштандыга толтурбаңыздар, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылыңыздар  жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгектерин сыйлаңыздар!  «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын ыкчам байланышы: WhatsApp 0709399977.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!