Бизде жакшы жаңылыктар бар, бир аз графиктен чыгып, суу түтүктөрүнүн курулушун мөөнөтүнөн мурда бүтүрдүк.

Арча-Бешик жаңы конушунун Эр-Тайлак көчөсү Чортеков  көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин суу түтүктөрүн куруу толугу менен бүткөрүлдү.

Тармактардын жалпы  узундугу 510 метрди түзүп, таза суу 258 турак үйгө кирет.

Курулуш иштери шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин жеке көзөмөлү астында жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурсунун жыйынтыгында «Гигаком» курулуш компаниясы бөдрөтчү аныкталган.

Келишим боюнча курулуш иштеринин наркы 2 миллион 305 миң 377 сомду түздү.

Бишкек - сүйүктүү инфраструктуралык шаар!