Шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы боюнча жаңы  конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү иштери улантылууда.

Мурас Ордо конушундагы жаңы мектепти канализация тармагына туташтыра баштадык.

Тармактардын узундугу 2318 метрди түзөт.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өткөргөн конкурсунун жыйынтыгы менен  "KBB" бөдрөтчү компаниясы жеңүүчү  аныктады.

Келишим боюнча курулуш иштеринин наркы 6 миллион 447 миң 916 сомду түздү.

Жумушту 2020-жылдын декабрь айынын аягында бүтүрүүнү пландап жатабыз.

Курулуш иштери шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлү астында жүрүп жатат.

Баса, Кытай грантынын экинчи этабына ылайык, жакынкы аралыкта Мурас-Ордо конушунун кире беришиндеги жолду оңдоо пландаштырылууда, буга байланыштуу алдыда  асфальтты казбаш үчүн жер астынан коммуникацияларды өткөрүп  жатабыз. Салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын башка максаттарга жумшоого болбойт.

Бишкек - сүйүктүү инфраструктуралык шаарыбыз!